Меню

Поиск



Келечек ээлерине инвестиция!

Келечек ээлерине инвестиция!

ASkat
Добавил ASkat
08 Июн 2022
Новости Каракола
0 комментариев

Оценка читателей

ПРОГОЛОСОВАЛО ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ: 0 ЧЕЛ.

Келечек ээлерине инвестиция!
7-июнь күнү Каракол шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө багытталган форум өткөрүлдү.
"Келечек" форумүнда, туура кесипти тандоо максатында спикерлер өзүлөрүнүн тажырбалары менен бөлүштү.
Иш-чарага спикер катарында
“Илим изилдөө, медицина жана биотехнологиядагы заманбап тенденциялар” Рыспек Абдылдаев - Медицина илимдеринин доктору, профессор;
“Креативдүү экономика" Беназир Калиева - Creative TART негиздөөчүсү, санарип сүрөтчү;
“IT технологиялар жана эмгек рыногу” Медер Кутбидин уулу - Сигма Софт It компаниясынын директору;
“Максат коюу жана өз потенциалын көтөрүү жөндөмдүүлүгү” Сейтек Качкынбаев - Бишкек ишкердик клубунун жетекчиси;
“Кулинариядагы жаңы тенденция жана тренддер” Айпери Тынчбекова - U Aipo-kuchnia kirgiska ресторанынын негиздөөчүсү;
“Келечек кесип ээлерине зарыл болгон универсалдуу билимдер жана көндүмдөр” Амангелди Жумадилов - Салымбеков Университеттин президенти катышты.
✔️Иш-чараны Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Бапаев Чыңгыз Арстанбекович ачып, өсүп келе жаткан жаштарга туура багыт тандоого, ата-энени сыйлоого, шаар үчүн жакшы иштерди жасоого жана эң башкысы туура кесипти тандоого чакырды.
〽️Иш-чара буга чейин Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбековдун демилгеси менен Баткен, Ош ,Жалал-Абад облустарында өткөрүлүп, 7-июнь күнү Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаевдин колдоосу менен өткөрүлсө, уюштуруу иштерине Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Аскар Салымбеков университетти жана Каракол шаарынын "Билим берүү" бөлүмүнүн уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүштү.
Иш-чарага 750 кишиден ашык жарандар катышып, Ысык-Көл облусунун профессионалдык кесиптик лицейлердин, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана башка Колледж окуу жайлардын жарманкеси өткөрүлдү.
✅Иш-чара да ыктыярчылык кызматта жүрүшкөн #5, #15 мектептеп парламенттерине жана #2 кесиптик лицейинин студенттик кеңешине терең ыраазычылык билдиребиз.
Каракол шаарынын мэриясы Иш-чара шаар жаштары үчүн өтө пайдалуу экенин билдирип уюштуруу иштерине катышкандарга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

 
ASkat

ASkat

Душа моя озарена неземной радостью, как эти чудесные весенние утра, которыми я наслаждаюсь от всего сердца. Я совсем один и блаженствую в здешнем краю, словно созданном для таких, как я.

Другие новости



Оставить комментарий