2022-жылдын 5-июну, кечки саат 21.00гө карата Эңилчек, Сары-Жаз өрөөнүндөгү жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат
Оценка читателей
ПРОГОЛОСОВАЛО ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ: 0 ЧЕЛ.
2022-жылдын 5-июну, кечки саат 21.00гө карата Эңилчек, Сары-Жаз өрөөнүндөгү жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат:
Эңилчек айылынан Кайыңды жайлоосуна баруучу жолдо Боз-Кыя өтмөгүндө болжолдуу 3000 кубдан ашык таш, кум аралаш көчкү түшкөн. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 даана техникасы жолду тазалап жатат, күйүүчү майлар жетиштүү. 4-5 күн аралыгында Кайыңды жайлоосунун жолу толук ачылмакчы.
Тазалоо иштерине 10 куткаруучу, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери тартылды. Ал эми Сары-Жаз өрөөнүндөгү жол толугу менен тазаланды, малчылар менен биргеликте район башчысынын биринчи орун басары, ӨКМ кызматкерлери, айыл өкмөттөр, айыл башчылар жардам берип жатышат.
Көөлү өрөөнүндө 26 км жолду тазалоого техника кирди, атайын техниканын жанында айыл башчылар бекитилип, жардам көрсөтүүдө.