Tamashow жаштар лигасынын тамашалары
|
|
ASkat Offline | Дата: Среда, 09 Окт 2013, 18:06 | Сообщение # 1 |
 Генералиссимус
Группа: Администраторы
Сообщений: 52
| Google “Дордой” базары – Google, анткени баарын табууга болот. Ал эми “Ош базарын” mail.агент деп койсок болот, анткени бардык ушак ошол жакта. “IUK”
Pitbull Америкалык ырчы Pitbull Кыргызстандан кандек таап алыптыр... “NutsТан”
ГАИ кызматкери Кечээ Эрмек Нурбаев жол эрежесин бузгандыгы үчүн аны ГАИ кызматкери кармап алып, “Тамашоунун” концертине эки билет сураган. Бүгүн уялбай өзү эки орунда отурат. “KG 77”
Роза Исаковна Отунбаева Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийлик пикетсиз, митингсиз тынч жол менен өткөрүп берилгени турат. Мунун баарына Роза Исаковна Отунбаева күнөөлүү. “Жигиттер”
Урмат-Ордо-Усенов “Урмат-Ордо-Усенов” мейманканасы –жайлуу төр, таластык атмосфера жана келген конокторго Неля эжеден бешбармак. “City Bombs”
Роза Отунбаеванын телефону Роза Отунбаеванын телефону шыңгырап калат: “Роза гүлү тартып мени өзүнө...” Роза Отунбаева: – Алло... Ии, эмне, кабинетимди көчүрүп жатасыңарбы? Тиги креслого тийбегиле, ал – кожа, өзүм сатып келгем... Шкафтын ичинде “Тамашоунун” дисктери бар, ага да тийбегиле. Аларды көрүп бүтө элекмин. Кабинет таптаза бекен, ээ? Ооба, мен келгенде баары баш аламан, чаң болчу, бүт өзүм тазалагам... Айтып коёюн, бир гана кабинетти эмес! “Чез”
Колуна ромашка кармаган кыз Колуна ромашка кармаган кыз. 18 жашта: – Сүйөт, сүйбөйт, сүйөт, сүйбөйт... 27 жашта: – Урат, урбайт, урат, урбайт... 50 жашта: – Турат, турбайт, турат, турбайт... “2-рота”
Аскар Акае Кийинки тамашабыз Аскар Акаев жөнүндө болмокчу. Акаев дейм да. Ий, байкуш, мени эстеп жатса керек... “Ак-Өргө city”
Тамеки Тамеки чегүү – ден соолукка зыян. Андан көрө насыбай чегиңиздер. “Nomads” (Казакстан)
Дордой Кыргызстанга келген туристтер “Дордойдон” кийинип, Кызыл-Аскерден чечинишет. “City Bombs”
Пластикалык операция Пластикалык операциядан кийин Шарипа эже эми Шакира эже болуп калды. “УКГ №5”
Койлор Шайлоодон кийин Таласта өпкөсү жок Койлор туула баштады. “No name”
ЖКнын депутаттары ЖКнын депутаттары ортосунда футбол боюнча таймаш болуп өттү. Адаттагыдай эле жеңилип калган тарап “голдорду кайра санап чыккыла” деп талап кылууда. “Моника Беллучи”
Данияр Көбөнов Данияр Көбөнов Азия оюндарынын алдында көзү ачыкка барган. Көзү ачык ага “кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито”, кыргызча айтканда, “жеңилесиң” деген. Анан Данияр Гуанчжоудон келгенден кийин ошол көзү ачыкты кохоро айсуру хитова кохоро кири кихито кылыптыр...
Эки достун маегинен:
– Доске, эмне менен алектенип жүрөсүң? – Бир кыздын артынан чуркап жүрөм. – Анан ийгиликтер кандай? – Жакшы. Чуркоо боюнча Азия чемпиону аталдым.
www.karakol.com.kg
|
|
| |
ASkat Offline | Дата: Среда, 09 Окт 2013, 18:08 | Сообщение # 2 |
 Генералиссимус
Группа: Администраторы
Сообщений: 52
| Файт! Жакында “Спартак” стадионунда өспүрүмдөр үчүн “Балдар, урушпагылачы!” деген аталышта тарбиялык концерт болот. Кечени мыкты ырчылар коштойт. Алсак, кызыл бурчта Мирбек Иманбеков, көк бурчта Самат Дөөлөтбаков ырдайт.
Тата Улан Тата Улан кичине кезинде У-ту-ту, Му-ту-ту Улан болчу. Бирок аны ата-энеси кандай атабасын, ага ошондо эле чын жүрөктөн баары бир эле.
Ыйлак бала Адик дагы ыйлап жатат. – Эмне ыйлап жатасың, Адик? – Гороскоп боюнча, эртең мени сүйлөшкөн кызым таштап кетет экен. – А сенин кызың жок да. – Жашым келип калса да, менин сүйлөшкөн кызым жок,- деп андан да катуу ыйлап кирет. – Кыз элеби сага? Мына, Мадина мындан ары сенин сүйлөшкөн кызың болот. – Аа-аа (ыйлап), анда ал мени эртең таштап кетет экен да...
Ош-Бишкек Оштун кайсы гана көчөсүнөн түшпөгүн, акырында баары бир Бишкектен чыгасың.
Ар бир бешинчи Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам юрист же экономист. Ар бир төртүнчүсү ырчы болсо, ар бир бешинчиси президенттикке талапкер...
“Дордойдо”. Сатуучу эже: – Кофе, чай, самса, манты, жүгөрү... – Эже, чай берип коёсузбу? – Ий, жаңылтып жибердиң го. Кандай эле? Кофе, жүгөрү, чай...
Кичирайондордун биринде. – Сүт, айран алабыз. Сүт, айран... – Жаагыңды бассаң боло? Түнкү саат экиде кайдагы сүт?! Элди эс алдырасыңбы? – Аа, эс алгыңар келип жатабы? Анда арак, пиво, тамеки алабыз...
Жылан Бала ыйлап жатат. – Аа-аа... – Эмне болду, Адик? – Колумду жылан чагып алды. – Анда эмнеге бутуңду кармап ыйлап жатасың? – Жыгылып түшпөдүмбү...
www.karakol.com.kg
|
|
| |
ASkat Offline | Дата: Среда, 09 Окт 2013, 18:08 | Сообщение # 3 |
 Генералиссимус
Группа: Администраторы
Сообщений: 52
| Кыргыз эркегинин 3 максаты Ар бир кыргыз эркегиөмүрүндө үч нерсени аткаруусу керек: 1. Үйлөнүп, тамсалып, артына из калтыруу 2. Президенттиөлкөдөн кууп чыгуу 3. Президенттиккеталапкер болуу
Карындаш Кыз өксүп милициякызматкерине кайрылат. Милиция: – Сизге эмне болду? – Тоноп кетишти. – Ким? – Тата Улан, беткапчан экен. – Бет капчандардынбаары эле Тата Уланбы сизге? – Тата Улан болчу,кетип баратып “капа болбо, карындаш” деди.
Таластык жигиттин ыры Таластык жигиттин ыры: "Токоюң бойлопбаратсам, Эч ким жок, кимгемактансам?.."
Күмөндөр 0869 Куудул Күмөндөрдөн таңкыжарнама: – Сен мени мененсүйлөшкүң келип жатабы?.. Же Абдылда менен сүйлөшкүң келеби?.. Сен өзүңчө эле бирнерсе болуп жатасыңбы? Анда мага чалбай, Жамбылга чалгын, уктуңбу?!
Супер кыз – Азаттын сүйлөшкөнкызына эч ким жетпейт. – Эмнеге? – Анткени ал аябайбат чуркайт да.
Бирдик – Кана мага бирдиксалганың?! – Эрназар, кечирипкойчу, менде болгону 5 эле сом бар болчу. Аны кызматы үчүн эле төлөп койдум.
Сулуу тоого чыкса... Эки жакшы киши тоогочыкса кудалашып түшөт, эки сулуу киши тоого чыкса сүрөткө түшөт.
Маданияттуу митинг Кыргызстанөнүгүп, эми маданияттуу митингдер өтө баштады. «Ала-Тоо» аянтында чогулган эл: – Кетиңиздер!Кетиңиздер! Суранабыз, байкелер, пожалуйста?! Аңгыча милициякызматкерлери келип: – Урматтуумитингчилер! Кичипейилдикке, сыпайы мамиле жасап кетип калыңыздар! Болбосо күчколдонууга аргасыз болобуз. Колдоно берелиби? – Макул... Анда милициякызматкерлери митингчилерди 3 жолу уруп: – Ооруган жокпу? – Ооруп жатат. – Келгиле анда,мени тээп алгыла.
Футбол ышкыбоздору түрдүү өлкөлөрдө Аргентинада: – Месси! Месси!Месси! Англияда: – Руни! Руни! Руни! Кыргызстанда: – ... Кетсин! ...Кетсин! ... Кетсин!
Кыздарга кеңеш Эгержигитиңер жаңы телефон алып бербесе, анда жаңы жигит таап алгыла! Жаңы жигит дайым жаңытелефон алып берет.
Кимдин баласы болосуң? Жаш жигит жолдо баратсаалдынан абышка жолугуп калат. Жигит башын ийип салам берет. Аксакал: – Ай, азамат,кимдин баласы болосуң? – Ошол чечиле элек,аксакал, азыр нотариустан келатам. Буюрса, жакынкы күндөрү чечилиш керек.
Тарыхый таанышуулар Жигит мененкыздын таанышуусу. 19-кылым. Жигит: – Абдан толкунданыпжатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңыз ким, чоң кыз? – Айнура. – Меники Эрмек. 20-кылым. Жигитөтүп бараткан кыздын көчүгүнө бир тээп: – Менин атым Эрмек. 21-кылым. Жигит: – Абдан толкунданыпжатам. Ички сезимдеримди айта албай... Атыңды ким дедиң? – Айнура. – Кой, Айнура, эмикийинели.
www.karakol.com.kg
|
|
| |
ASkat Offline | Дата: Среда, 09 Окт 2013, 18:08 | Сообщение # 4 |
 Генералиссимус
Группа: Администраторы
Сообщений: 52
| Бата менен! Бата менен элкөгөрөт, муштум менен бет көгөрөт!
Мактаган кыз Мактаган кыз,тойдун алдында ичине суук тийгизип алат!
Сөлжаан Кыргыз окумуштуларыизилдеп чыгышты: Эгерде Сөлжаанга ВиаГра берип койсо, ал Мык болуп калатэкен!
Айдоочулар Немис гоньщиги -Мерс айдайт! Корей гоньщиги - Хюндай айдайт! Дунган гоньщиги - ЖЕР айдайт
Базарда Базарда: Энеси: – Кана,балам, бул шым чак болдубу? Баласы: – Ий, апа,чоң го... Энеси: – Эч нерсеболбойт, эмдиги жылы да киесиң. Дагы өсөсүң. Баласы: – Апа, буткийим да чоң болуп калды. Энеси: – Бутуң дачоңоёт, балам. Эмки жылы алып бербейбиз, үнөмдөйбүз да. Баласы: – Апа, эмитурсийим да чоң болуп калды. Энеси: – Ой,өсөсүң, балам, өсөсүң. Баласы: – Апа, мен25ке чыгып калдым, өспөйм го?!
Милиция бөлүмүндө Милиция бөлүмүндө: Кыз: – Милиция,милиция! Милиция кызматкери:– Эмне болду? Кыз: – Мурунку күнүкөчөдө бара жатсам, бир жигит сумкамды алып качты. Бүгүн соткамды алып качты. Милиция кызматкери:– Коркпоңуз, биз баарын таап беребиз. Кыз: – Мага алардынкереги жо-ок... Милиция кызматкери:– Анда эмне керек? Кыз: – Алар меникачан ала качышат?!
www.karakol.com.kg
|
|
| |