Главная » Статьи » Кыргыздын чыгармачылык байлыгы » Ырдайлы кыргыз ырларын

Сенсин

Созу, обону С. Бейшекеевдики

Кызылдан койнок секелек сенсин,

Кыранда оскон байчечек сезим.

Суйуумду айтсам билмексен болгон,

Суйкум бир кызым эселек кезин.

Турлонтуп айткан баяным сенсин,

Тушумдо берген аяным сенсин.

Кылымдап айткан жомогум сенсин,

Кыйналып жазган обонум сенсин.

Апталап айткан жомогум сенсин,

Арандан жазган обонум сенсин.

Сурдонуп айткан жомогум сенсин,

Суйуудон тапкан обонум сенсин.

Ношорлоп жааган жамгырым сенсин,

Кошоруп жазган жаны ырым сенсин.

Суйуунун сырдуу сандыгы сенсин,

Суйуунун сырлуу сандыгы сенсин.

Сурдонуп айтсам, бардыгы сенсин,

Бардыгы сенсин, бардыгы сенсин.

Суйуунун алтын сандыгы сенсин.

Бардыгы сенсин, бардыгы сенсин,

Суйуумо жалгыз сен эле тенсин.

Категория: Ырдайлы кыргыз ырларын | Добавил: ASkat (18.05.2016)
Просмотров: 227 | Теги: ырдын тексти | Рейтинг: 0.0/0

 

ПОНРАВИЛАСЬ?, ПОДЕЛИСЬ С ДРУЗЬЯМИ:
ПОХОЖИЕ МАТЕРИАЛЫ:

 

Всего комментариев: 0
avatar
Сайт города Каракол