Главная » Статьи » город Каракол » Рекламные статьи

«КУРМАНБЕК»
 «Курманбек» — калктын калың катмарына кеңири тараган сүймөнчүктүү баатырдык эпос. Чыгарманын башатында, түзүлүш, калыптаныш тарыхында бир канча айтУУчУлаР катышса да, көпчүлүгүнүн ысмы унутулуп, эл эсинен чыккан. Бизге XIX кылымдан берки Токтогул, Мусулманкул, Шамшы комузчу, Калык, Сарыкунан, М. Каландаров сыяктуу айтуучулардын гана ысмы белгилүү. «Курманбекти» Токтогулдун айткандыгын, өздөрүнүн андан үйрөнгөндүгүн Калык жана анын шакирти Сарыкунандын эскергендигине карабастан, чоң акындын өз оозунан жазылып алынбаган. Ошондуктан жыйынтыктуу ой айтуу кыйын.
«Курманбек» эпосунда — Орто Азия, Могол хандыгы, казак, ногой элдеринин тарыхында «калмак» доору аталып, эл эсинде, оозеки чыгармачылыгында катаал кезең катарында зор из калтырган XVI— XVIII кылымдардын аралыгындагы тарыхый окуяга, Курманбек, Аккан сыяктуу тарыхый инсандардын реалдуу өмүр баянына негизделип түзүлгөн чыгарма. Шарттуу түрдө эпостон орун алган тарыхый реалияларды көз алдыга тутсак, окуянын өткөн орду да реалдуу: Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара Шаар — Камбыл), Ооганстан, Орто Азия аймагы (Анжыян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы (Яссы) ж. б. Чыгарманын тарыхый негизин, Курманбектин тарыхый адам экендигин, жашаган мезгилин, отурукташкан ордун, коңшу хандыктар менен түзгөн дипломатиялык байланышын, «калмак төбөлдөрү менен болгон согуштарын белгилүү даражада аныктай турган фактылар тарыхый уламыштык аңыз-аңгемелик материалдардан жана тарыхый булактар дан да орун алат. Алсак, 1947-жылы Абдыкалык Чоробаев Жалал-Абад областы, азыркы Сузак району, КалмакКырчын сельсовети Таран-Базар кыштагынын тургуну 71 жаштагы Шырдак карыядан «Калмак-Кырчын» уламышын жазып алып, анда илгерки заманда кыргыз-кыпчак уруусунан Курманбек аттуу баатыр чыгып, калмактар менен урушуп, алардын мизин кайтарып, баш ийдирип тургандыгы баяндалат. Жер кыдырып Кашкарга барып, Кашкардын каны Аккан менен достошуп кайтат. Ал кезде Курманбектин ордосу Кызыл-Суу деген жерде жайлашат. Арадан бир канча жыл өткөндө уулдуу болот. Аккан токсон нарга пул жүктөп, досунун баласын жентектеп сапар тартып келе жатып, Күлдөмбес деген жерге жеткенде Корун аттуу калмактардын төрөсү Курманбектин ордосун курчап алып согушуп жаткандыгын угат. Уруш бир канча күнгө созулуп, Курманбек душманды жеңип, Кызыл-Суунун батыш жээгине калмактын колун боо түшүрүп кырат. Ошондон улам «калмак кырчындай кырылды» деген сөз калып, согуш өткөн аймак «Калмак-Кырчын» аталып калат1. Демек, Курманбек жашаган мезгилде ушул аймакта калмак-кыргыздардын ортосунда катуу согуштун болгондугу реалдуу окуя. Ал ошол уруш өткөн жердин «КалмакКырчын» аталып калышы менен да бекемделет.
Курманбектин «калмак доорунда» жашаган тарыхый инсан экендиги башка тарыхый булактарда да маалымдалат. Түрк, иран авторлорунун кабарларында Курманбек казак каны Эшим менен бир доордо жашап, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшүп турат. Тарихи-Кашкариде Ишим (Эшим) кыргыз мырзалары Курбанбек (Курманбек) жана Малик Касим (Касым) менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат орун алат. Сүйлөшүүгө Эшим Ташкенттен келет. Жолугушуу Курманбектин Ак-Суу (Ак-Калаа) коргонунда өтүп, калмактар менен урушунун жөн жайы макулдашылат. Түрк авторунун эскерүүсүндө Ишим (Эшим) ханды (Курбанбек) ат үстүнөн каршы алат. Буга Ишим тырчый түшкөн дешет. Эшим кан демекчи, ал XVI—XVII кылымдын аралыгында жашаган реалдуу тарыхый адам, казак — ханы, бирок кыргыздар анын тегин кыргыз-кыпчактан чыгарат. Эшим кан жөнүндө кыргыз арасында казактарга караганда уламыш, аңыз-аңгемелер көп сакталган. Тоголок Молдо уламыш, аңыз-аңгемени негиз кылып алып, «Эр Эшим» поэмасын жараткан. Санжырада да Эшим кан менен кан Турсундун окуясы күнү бүгүнкүдөй эле сакталып, «Катагандын кан Турсун, кан Турсунду ант урсун» делип, достуктун шертин бузган кан Турсундун кара ниет душманчылыгын ашкерелеген сөз али да калк оозунда. XVI—XVIII кылымдардын аралыгында могол, калмак кандарына каршы кыргыз, казактар биригип согушуп турган учурлары болот. Эшим кан да кыргыздар тарабынан колдоого алынат. Ал кандык кылган мезгилде кыргыз, казак калкынын жакшы мамиледе, ынтымакта жашагандыгын Ч. Валиханов да белгилейт4. Муну эки элдин союздаштыгынын күбөсү катарында Эшим кандын кыргыздардын уруу башчысы Көкүм өлгөндө Ташкентке «Көкүмдүн көк күмбөзүн тургузушунан»5 да көрүүгө болот.
Курманбектин тарыхый инсан экендигин аныктай турган дагы бир факты калмак кандарынын жортуулу учурунда Чыгыш Түркстан аймагы менен кыргыздардын карым-катнашын көрсөткөн тарыхый окуялардын, тарыхый личностордун эпосто чагылышы. Алсак, чыгармада Курманбек менен Аккандын досчулдугуна кеңири орун берилет. Сөз Аккан жөнүндө болгондо эки маселенин башын ачышыбыз зарыл. Биринчиси «калмак доорунда» Чыгыш Түркстан аймагы менен кыргыздардын карым-катнашы, тарыхый байланышы. Экинчиси — Аккандын тарыхта болгон адам экендигин маалымдаган даректердин тарыхый эмгектерде орун алышы. Алсак, Шах-Махмуд Чоростун хроникасы боюнча XVI кылымда Тянь-Шандан могол төбөлдөрүн сүрүп чыккандан кийин кыргыз уруулары Кашкар менен түздөн-түз байланышып турган. XVII кылымдын башында калмактардын кысымынын күчөшүнөн улам кыргыз уруулары Кашкар, Турпан, Ак-Суу ж. б. шаарларга көчүп келип, бул аймакта отурукташуу проңесси башталат6.
XVII кылымдын 30-жылдарында кыргыздар Могол мамлекетинин башкаруучуларынын көрсөткөн каршылыктарын жеңип, Кашкардын айланасы жана андан түштүккө карай Жаңы Гиссарга чейинки аймактарга жайланышып реалдуу саясий күчкө айланат да, мамлекеттин ички иштерине кийлигишип, өз таасирин тийгизип турат. Могол хандары да алар менен эсептешпей кое албайт. Шах Махмуд Чоростун маалыматына караганда XVII кылымда Тянь-Шань жана Чыгыш Түркстанда Тилек-бий, Байбото Кара, Сокур-бий, Кошой-бек, Кебек-бек, Шырдакбек ж. б. мырзалар кадыр-баркка ээ болуп, Кашкар жана Жаркент хандыктарында мансаптын бийлик бакавул, эмир, эсавул, шигавул сыяктуу кызматтык орундарды ээлеп турган. Айрым бир чептерге аким болуп дайындалып турган учурлары да болгон. Калмактар менен согушууда Кашкар жана Жаркент хандыктары кыргыз жана казак урууларынын аскердик бөлүктөрүн колдоого алып турушкан. Казак ханы Эшим тарабынан Кашкар, Жаркент хандыктары менен калмактарга каршы келишим түзүлгөн7.
Эпосто Аккан Курманбектин досу катарында мүнөздөлүшү да бекеринен эмес. Тарыхый-турмуштук негизи бар. Анткени, «калмак доорунда» Кашкар менен кыргыздар тыгыз саясий, маданий жана экономикалык байланышта болгон. Айрыкча XVII кылымда Кашкар жана Жаркент хандыктарынын аймагында кушчу, чоң багыш, кыпчак, нойгут, тейит, булгачы, отуз уул ж. б. кыргыз урууларынын мамлекеттин саясий турмушуна активдүү аралашып, тарыхый окуяларга өз таасирин тийгизип тургандыгы Шах Махмуд Чоростун хроникасынан8, Мир Халь ад-диндин «Хидайат-намесинен»9 ж. б. эмгектердеги маалыматтардан көрүнүп турат. Чыгыш Түркстандын тарыхында Аппак-хан, Аппак-кожо деген эки тарыхый инсан кездешет. Аппак-хан (өз аты Абд ал-Лалиф) эл арасында хан аталган, ошондон улам кыргыздарда да ушул наам менен белгилүү болсо керек. 1602-жылы төрөлүп, отуз жашында Кашкардын ханы болот. Махмуд бен Вали (Бахр-ал-асрар) боюнча да ал XVII кылымда өмүр сүрөт10. Аппак-хан (Ак хан) менен Курманбектин ортосунда жакшы мамиле түзүлүп, бири-бринин жерине каттап турушат. Анын АкСууга келип кеткендиги, Ак-Суу чебин курууга жардамдашкандыгы, Абд-ал-Латифтин Кашкарга хан болушунда кыргыздардын чоң көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө кабар берет11. Экинчиси — Аппак кожо (өз аты Хидаятолла) 1681 — 1694-жылдардын аралыгында Кашкарды башкаРУУчу (аким болуп) турган.
Тарыхый маалыматтарга, калк арасында айтылган аңыз-аңгеме, уламыштарга жана эпостун окуясына караганда «Курманбекке» кандайдыр бир деңгээлде Абд алЛатиф хандын өмүр жолунун бир үзүмү чагылышкан өңдүү. Шах Махмуд боюнча ал 1619—1627—30-жылдардын аралыгында бийлик жүргүзөт13. Санжырачы, кытай тарыхчысы Үсөйүн-ажы Курманбек менен Акканды тарыхый болгон адамдар катарында баяндайт. Аппак хандын оор басырыктуу, өз элине кадырлуу болуп, Курманбек экөө достошуп, эки эл биригип, муңгул зулумдарына каршы күрөшүп тургандыгын маалымдайт. Үсөйүн-ажы боюнча Аккан муңгулдар менен болгон урушта каза табат14. Жогорку фактылар «Курманбек» эпосунун башкы каарманы Курманбектин Кашкардын ханы Абд ал-Латифтин (Аппак хандын), казак каны Эшимдин доорунда өмүр сүрүп, калмак төбөлдөрүнө каршы күрөшкөн тарыхый инсан экендигин ачык айкындап турат. Ал эми Курманбек менен Аппак хандын ортосунда дипломатиялык же достук мамиленин түзүлүшүнө, эки элдин жакындашуусуна XVII кылымдагы Кашкар хандыгынын ички, сырткы карама-каршылыктары, ойрот-калмак хандарынын баскынчылык саясатынын күч алышы, жогоркудай эле тарыхый кырдаалды кыргыздардын да өз баштарынан өткөрүп турушу себепчи болуп, калк башына түшкөн жалпы оорчулук жана тагдырлаштык менен коштолгон. Конкреттештире келгенде калмак төбөлдөрүнүн кыргыздарга карата баскынчылык жортуулдары, чабылып, чачылуу, кан төгүүлөр менен коштолгон калк тагдыры, элдин аларга каршы жүргүзгөн коргонуучулук, баатырдык күрөшү эпостун түзүлүшүнө негиз болот. Бирок белгилей кете турган нерсе көркөм чыгарманын жаралышынын өз жолу бар. Бул же тигил чыгарма тарыхый реалдуулукка негизделип түзүлсө да, тарыхый окуя, же тарыхый инсандын өмүр баяны көркөм чыгарманын жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык чагылышып, өсүпөнүгүү жолун басып өтөт. Натыйжада эпосто калмак хандары Корун, Дөлөңдүн согушуна каршы Курманбектин баатырдык менен жүргүзгөн күрөшү сырткы гана эмес, ички карама-каршылыктардын курчушунда, үй-бүлөнүн трагедиялуу тагдырынын баяндалышында эпостун деңгэээлине көтөрүлүп, ошол доордун реалдуу картинасын, духун, трагедиясын, калк тагдырын көркөм сөздүн күчү менен элге жеткирип, угармандардын моокумун кандырып, делебесин козгоп турат. Эпос ушунусу менен баалуу.
Ошондой эле аңыз-аңгеме, уламыштарда, эпосто кыргыздардын карым-катнашы бар коңшу хандыктардын (Могол, Казак, Жунгар, Кашкар) ортосунда түзүлгөн мамилени реалдуу чагылыштырып турушу эпостун тарыхыйлуулугун көрсөткөн фактыдан болуп саналат.
«Курманбек» эпосун алгач араб алфавитинде 1923жылы Каим Мифтаков Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алат, (инв. № 73), кийин азыркы алфавитке которулган15. Бул вариант боюнча Мадалкан — Молотия шаарынын ханы. Бир перзентке зар болуп жүргөндө байбичеси кайберен эмизип жаткан баланы ажыратып алып, үйүнө алып келип, атын Курманбек коюп, асырап чоңойтот. Каухарнегим деген шаардан перинин кызы Канышай издеп учуп келип, Курманбекке турмушка чыгат. Бул нусканын башталышында Курманбектин калмакка каршы согушунун мотиви ачык баяндалбай, күүгүмдөп калган. Ошондуктан, анын калмак жерине коргон куруп, кандык бийлик жүргүзүшү Курманбектин кыймыл-аракетине баскынчылык мүнөз бергендей туюлат. 1926-жылы Жума Жамгырчиев Каракол округу, Тоң болушунун тургуну Шамшы комузчудан жазып алган нускада16 да Курманбек «Атам Жанчаркан менен талашып бир шаарды башкарып отурат белем» — деп, калмактар турган территорияга коргон куруп, өз алдынча хандыкты түзөт. Чыгармадан жогоркудай мотивдин орун алышынын да тарыхый-турмуштук негизи бар сыяктуу. Анткени, ойрот-калмактар Чыгыш Түркстан, Орто Азия, Жети-Суу аймагына XV кылымда Чыгыштан малга жайлуу жайыт издеп келе баштайт. Чагатай улусунун кыйрашы менен (1321) Могол мамлекети негизделет. 1347жылы Могол ханы Тоглук Тимур Чыгыш Тянь-Шандын этегиндеги Беш-Балык шаарын өзүнүн ордосу кылып алат. XIII кылымда эле Чыгыш Түркстандын көпчүлүк бөлүгү чагатай державасынын составына кошулуп турган. Алардын XV—XVI кылымдардагы тагдыры Могол мамлекетинин жаралуусу жана жок болушу менен тыгыз байланышат. Калмактар Жунгария чөлкөмүнө келип токтоп, могол төбөлдөрүнүн бийлик талашып, өз ара араздашып жаткандыгынан пайдаланып, бул аймакты тартып ала баштайт. 1408-жылы Могол ханын Беш-Балыктан сүрүп чыгып, бул шаарга өз ордосун жайланыштырат. Могол хандыгынын ынтымагы кетип, бийлик талашып ич ара ыдырашы ойротторго Ысык-Көл, Сыр-Дарыяга чейин кол салышына ыңгайлуу шарт түзөт17. Казак, кыргыздардын катуу каршылыгынан улам, Могол хандары Жети-Суу, Батыш Тянь-Шандан сүрүлүп, кыргыз, казактар бул аймактарга ээлик кыла баштайт. Белгилүү өлчөмдө Түркстан аймагындагы Кашкар, Жаркент хандыктарынын колдоосу жана казак, кыргыздардын калмактарга каршы биргелешип жүргүзгөн күрөштөрүнөн, кийинчерээк Цин (Кытай) өкмөтүнүн кысымынан алсызданган калмактар басып алган аймактан сүрүлө баштайт. Мыйзамдуу түрдө бул жерлерге кыргыздар да өз хандыгын негиздеп, отурукташуу процесси жүргөн көрүнөт. М. Мусулманкуловдун, Шамшы комузчунун вариантына кыргыз элинин тарыхындагы жогоркудай реалдуу тарыхый-турмуштук жагдай чагылышкан өңдүү. Эки нускада тең Курманбектин коргону калмак жеринен орун алып, алардын Курманбекке салык төлөп тургандыгы, ал эмес Курманбек калмактарга хандык бийлик жүргүзөт. Өз учурунда бул варианттын төмөн бааланып жүрүшүнүн бирден бир себеби да ушул болгон. Ал эми тарыхый маалыматтарды кылдат талдай турган болсок, тарыхтын түпкүрүндө бул аймакта калмактардын ата-теги ээлик кылган эмес. Ойроттор XV кылымдын башатынан баштап, жайлуу жайыт издеп, баскынчылык жортуулдар менен келе баштагандыгын жогоруда белгилеген элек. Кытайдагы кыргыз тарыхчысы Үсөйүн-ажы Курманбектин коргонунун Чыгыш Түркстан жергесинен орун алгандыгын маалымдайт. Ал «Курманбек муңгулдардан коргонуу үчүн Үч-Турпанга сепил соктурган. Өзүнүн Телтору атын байлап сактай турган орун жасаткан»18— деп жазат.
Шамшы комузчунун варианты боюнча Курманбектин атасы Жанчаркан маңгыт элинен чыгып, бир перзентке зар болот. 60 аял алса да, бири да төрөбөй, кайгыга салат. Кичи аялын ээрчитип, жер, суу тайып, мазар кыдырып, тобо-топук кылып зарлап жүрүп, акыры эркек балалуу болуп, атын Курманбек коет. Бала жашынан эле эр чыгып, жанына кырк жигит курап, Телтору атты минип, Кашкарга барса, Аккан деген мусулмандын канын калмак камап жаткан болот. Курманбек Акканды калмактан ажыратып алып, аны менен достошуп, кайра тартат. Курманбек жарадар болуп, өң алаттан кетип жатканда үстүнөн чыгып бүшүркөп турган Акканга:
Антташкан ушул тил эле,
Айланайын жан досум,
Баягы калмак, камап келгенде
Кырк жигитин ээрчитип,
Телтору атын ойнотуп,
Жооңду жеңип берген ким эле?—
деп өзүн таанытат19. Натыйжада эпостун окуясы тарыхый булактардагы фактылар менен шайкеш келип, могол, калмак төбөлдөрүнө каршы кыргыз, Кашкар эли биргелешип согушуп, душмандын мизин кайтарып тургандыгынын фактысы катарында көрүнөт.
Мусулманкуловдун вариантынын окуясы К. Акиев, Сарыкунан Дыйканбаев айткан нускаларга салыштырганда чакан, Курманбектин жаралышы, чоңоюшу, үйлөнүшү апыртмалуу баяндалып, өз өзгөчөлүгүнө ээ. Болочокку баатыр кайберендин тукуму, энеси — касиеттүү кайберен, аялы — айдар жүздүү перинин кызы. Натыйжада Курманбектин жаралышында байыркы тотемдик түшүнүк, көз караш чагылышкан. Салыштырып караганда бардык варианттардын (М. Мусулманкулов, К. Акиев, Сарыкунан, Шамшы комузчунун айтуусунда) негизинен чыгарманын мазмундук линиясы, идеясы, каарман-персонаждары, ичкисырткы душмандары окшош. Бирок окуянын өнүгүшү, чечилиши, оң, терс образдардын сүрөттөлүш деңгээли, көркөмдүгү ар башка, деталдык айырмачылыктар арбын. Кээде окуянын өтүш орду алмашылган, айрым эпизоддор бирөөндө толук сүрөттөлсө, экинчисинде үстүртөн үзүндү, схема түрүндө баяндалат. Баарында тең баатырдык тема алдыңкы катарга чыгып, оң каармандын баатырдык күрөшүндө, кайрат менен сансыз душманга жалгыз аттанып, эл эркиндигин, өз ар намысын душмандан коргоп калуу үчүн башын өлүмгө байлашында эпостун негизги идеясы, эл идеалы жүзөгө ашат. Ал эми үй бүлөлүк тема баатырдык мотивди толуктап, оң каармандын образынын ар тараптуу, терең ачылышына көмөкчү. Курманбектин алдына минген атынын жараксыздыгынан жарат алып, как талаада жалгыз калып, зар какшашы, досунун баласын жентектеп алтын, күмүш, зер, асыл буюмдарды алып келе жаткан Аккандын өлүм алдында жаткан Курманбектин үстүнөн чыгышы, баласына жоодо тасыккан Телторуну бербей коюп, кыянатчылык кылган кара ниет Тейитбектин (аттары жагынан айырмалуу) Аккан тарабынан өлтүрүлүшү — бардык нускаларга таандык жалпы окуядан экендигине карабастан, баяндалыш деңгээли өйдө-төмөн. Ал жөнүндө да кененирээк сөз козголот. Алсак, Мусулманкулов боюнча Курманбек Телторуну суратып атасы Мадалканга жибергенде анын баласына ат бербей коюшу жүйөөлүү себептен чыккандай ой калтырат. Мадалкан:
Кара келте өмөлө,
Касташкан душман көп эле,
Калкымды душман чаппасын,
Картайган чалың жатпасын,
Зордук кылып Тору атты
Алганы келген турбайбы,
Убайымды журтума
Салганы келген турбайбы20 —
деп, атты бербей, кырк жигитти кайра кайтарат. «Атыңды бер» деген кемпирин баштан ары бир салып, уруп коет. Шамшыда Телтору атты мингенде «алтымышта чал» «алты жашар баладай» алкынып, «жетимиште чал» «жети жашар баладай» желпинип, жанына дем, күч бергендигин айтып, атын баласына бербей коет. Бирок анын бул айтканы жөн эле шылтоо экендиги түпкүрүндө ата менен баланын ортосунда катуу каршылашуунун түптөлүп калгандыгы Жанчаркандын:
Калың кара көп калмак,
Кан Курманбек уулумдун
Канын чачса канакей,
Жыйып-жыйып алганын
Малын чачса канакей2—
деген сөзүнөн ачык көрүнүп турат. Мында да чал кемпиринин «зарыгып жүрүп көргөн жалгызың эле го, атыңды берсең боло» дегенине көнбөй коет. Сарыкунанда жогорку эки вариантка караганда Тейитбектин Курманбекке ат бербей коюшунун мотиви бир топ тереңдейт. Мындай караганда атанын баласына койгон дооматтары бир топ жүйөөлүүдөй сезилет. Тейитбектин сөзү боюнча Курманбек «айда урушуп койбойт, алым алып тойбойт», «атанын насаат кебине» кулак төшөп койбойт, «кан төгүштү эрмек кылып», «калкка тынчтык бербей», «кайран кыпчак айдоосунда кор болот». «Кара Шаар Камбылды какшатып», «арабалап алтындан салык алып», «олжосу ак сарайга сыйбайт». Ал эми ошол доордогу тарыхый-турмуштук кырдаалга көз жүгүртүп, реалдуу талдоого алсак, Курманбектин жогоркудай кыймыл-аракети тескери бааланбайт. Калмак сыяктуу күчтүү душман босогодо шыкак берип турганда бейкапар жатып алуу эр жигиттин иши эмес. Согуштун иши — согуш. Кырчылдашкан кармашууда адам өмүрү кылыч мизинде турат. Кан төгүүлөрдүн, чабылып-чачылуунун болушу мыйзамдуу көрүнүш. Ал эми жеңилген тараптан алым алуу, салык жыйноо өз доорунда демейдегидей эле иштерден болуп эсептелген.
Чын чынына келгенде ата, баланын мамилесинин бузулушу, Тейитбектин келишпес кыянатчыл душманга айланышынын түпкү тамыры башкада. Курманбектин атанын өзүмчүлдүккө негизделген эркинен чыгып, өз алдынча жашоого, өзүнчө бийлик жүргүзүүгө умтулушу. Атасы кудалап койгон кызды албай, алыстан жар издеп, каалаганына үйлөнүшү. Сарыкунандын айтуусунда ата, баланын ортосунда конфликтинин курчушуна Курманбектин энеси өлүп, Тейитбектин жаш аял алышы, эрке токолдун «эртели-кеч эбиреп», ортого бузукулук салышы да себепчи болот.
Тейитбектин Курманбекке ат бербей коюшу ата-баланын ортосундагы майда-барат турмуштук таарыныч эмес, социалдык тепкичке көтөрүлгөн орчундуу карама-каршылык. Ал Сарыкунандын вариантынын башатында эле ачык мүнөздөмөгө ээ болот. Мында окуя Курманбектин «атамдын Телторусун сурап келгиле» деп, кырк жигитин жибериши менен башталат. Тейитбек кырк жигитке өз баласына ичи кара, дили катуу душманчылыгын ачык билдирет. Ата оозуна албай турган каргышты биринин артынан экинчисин чубуртуп:
Ат алышты санаба,
Арам пейил канкоруң
Атымдан кетсин садага,
Атанын уруп кусуру
Арам өлсүн талаада.
Салышкан жоого алдырып,
Сайда калсын каңгырап,
Колго түшүп кор болсун,
Колу-бутун таңдырып,
Жүлүндөлсүн душмандан
Жүрөккө найза малдырып22.
 
Курманбектен кутулса, кубангандан той кылып, табасы кана тургандыгын жашырбай айтып, жигиттердин үрөйүн учурат. Тейитбек баласы гана эмес, анын үй бүлөсүнөн да өч алууну эңсейт. Курманбек өлсө, «Канышайдай бейбакты кара кулга никелеп», баласын күч карууга жеткирбей, «күн көрсөтпөй желкелей» тургандыгын айтып, өз сөзүнөн каниет алат. Чалдын сөзүн угуп, азат бою тик туруп, кыжыры кайнаган жигиттер атты тартып алып кетсекпи деген ойго келишет. Бирок ата-баланын ортосуна кийлигишүүдөн ыйбаа кылып, аттанып кетишет. Мусулманкуловдо, Шамшыда, Курманбектин энеси «атты тартып алып мингиле» — деп кеңеш берет. Курманбек бара жатып, «атанын кусуруна калбайын» — деп атынын башын бурат.
Ал эми К. Акиевдин вариантында бул эпизодго чейин бир нече окуялардын тизмеги баяндалат. Курманбек кыргыз, кыпчак элинен кырк жигит, курал-жарак камдап, «кор болгон кыргыз, кыпчактын калмактардан өткөн өчүн, кеткен кегин алуу үчүн сапарга аттаналы» деп, кырк жигитине кеп-кеңеш курушунда чыгарма башталат. Калыкта элдик баатырдын калмактар менен урушунун мотиви ачык мүнөздөлгөндүктөн, анын күрөшү эл кызыкчылыгынан, алардын мүдөөсүн коргоодон келип чыккандыгы күдүк туудурбайт. Бул идея Курманбектин:
Калың калмак кол салып,
Кыргыз менен кыпчакты
Жылыга чаап олжо алып,
Ушуларды укканда,
Өлгүм келет арданып!
Кыргыз, кыпчак элимдин
Кырылган өчүн албасам,
Кырчылдашып калмакка
 Кызыл кыргын салбасам,
Курманбек баатыр атанган
Курусун менин даңазам —
деген менен бекемделет. Кыскасы, Курманбектин сапарга аттанышына «көмөлөнүп жыгылып» шейит болуп «көмүлбөй калган кыргыз сөөгү», калктын өткөн өчү, кеткен кеги, ар жыл сайын тынчытпай олжолоп турган калмак төбөлдөрү Экез менен Дөлөндүн ыза, кордугу себепчи болот. Анын оюн кырк жигит колдоого алып, жортуулга даяр экендигин билгизишет. Ал эми элдик баатырдын калктын өткөн өчүн, кеткен кегин кубалап жортуулга чыгышы эпостун табиятында эрен-төрөнү жок салттуу көрүнүш.
Эпоско чагылышкан жер, суу аттары эпикалык гана жүктү көтөрүп турбайт, тарыхый-турмуштук негизи бар. Эпос боюнча кыргыз, кыпчактын ханы Тейитбектин хандыгы Анжыян багытында болуп, ордосу Жазыда жайланышат. Жазы — орто кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагында жайгашкан. Түркстан шаары болуп Яссы аталган. Бул аталыш Кыргызстан, Өзбекстандын аймагынан азыр да кездешет. Алсак, Өзгөн районунун аймагындагы дарыя, мурунку совхоз, Өзгөн менен Ат-Башынын ортосундагы ашуу, Анжыян, Фергана областарынын ортосунда жайгашкан чоң аймакты ээлеген чөл, Фергана областынын району ж. б. Языван чөлү Анжыян менен Кокондун ортосунда жайланышкандыгын көңүлгө тутсак, ага эпостогу:
Анжыяндын астында,
Кең Кокондун башында,
Тейитбектин ордосу
Тегиз талаа Жазыда —
деген маалымат шайкеш келип турат. Ал эми бул жерди илгертеден эле ичкилик кыргыздары мекендеп келгендиги, азыр да Языван районунда ага чектеш аймактарда негизинен ичкилик, адигине, чапкылдык урууларынын өкүлдөрү жашап тургандыгы кызыктуу факт.
Эпостогу маалыматка караганда Жазы шаары азыркы Өзбекстандагы Языван чөлүнүн аймагынан орун алган болот. Бул жерден илгери улуу Жибек жолунун тармагы өтүп, Орто Азия мамлекеттери менен Чыгыш Түркстанды бириктирип, тогуз жолдун тоомуна жайгашкан чөлкөм болгон. Кашкар шаары, Кашкар кандыгы, кашкарлыктар менен кыргыздар улуу Жибек-Жолу аркылуу соодак-сатык., экономикалык жагынан байланышып, алардын согуштук, саясий жөрөлгөлөрү менен илгертеден эле тааныш болгон. Айрым учурда кыргыз, казактарды колдоого алып, могол, калмак төбөлдөрүнө биргелешип согушуп тургандыктарын жогоруда белгилеген элек. Натыйжада Курманбектин төрөлүшү, чоңоюшу, жортуулга аттаныш башаты негизинен ушул чөлкөмдө өткөн өңдүү. Эпос боюнча ошол мезгилде калмактар Кара шаар Камбылды (Комул) ээлеп турган болот. Кара шаар — Камбыл калмактардын атабабасы мекендеген эзелки жери эмес, «калмактын жаңы жери». Бул К. Акиевдин вариантында ачык эле белгиленип, тарыхый маалыматтарга шайкеш келип турат. Курманбек Ала Жууку, Алайды ашып, Кашкар аркылуу өтүп, калмактардын жаңы жери Камбылга жортуул жасайт. Камбыл — бул Комул же Хами — Чыгыш Түркстандагы шаарлардын бири. Мурда өз алдынча өлкө болуп турган. XV кылымда (1421-жыл) моголдордун державасына кошулгандан кийин да өзүнүн саясий өз алдынчалыгын, тарыхый-маданий турпатын сактап кала берген. Кичинекей Комул бектиги 100 жылдан ашуун мезгилде ойрот, могол жана Кытай хандыгы үчүн талаш-тартыштын, чырдын башы болуп келген23. Алар өз алдынчалыгын сактап калуу максатында ойроттор менен жалпы тил тапкан өңдүү. Ойроттор да өз кызыкчылыгы үчүн аларды пайдаланып, бул жерге отурукташып, өз позицияс.ын чыңдоого аракеттенген көрүнөт. К. Акиевдин вариантында белгилүү даражада жогоркудай тарыхый окуянын изи жатат. Курманбектин бул жолку жортуулу жемиштүү аяктайт. «Корун хандын барында» «кыргыз менен кыпчакты эки кабат чаап алып» олжого тунган Экез баатыр Дөлөндүн кур намысынын курманы болуп, 80 жашта экендигине карабай, сексейип Курманбек менен жекеме-жекеге чыгып, каза табат. Дөлөн кабыргадан найза жеп, калмактарды аралап качып берет. Ушундай жагдайда калмак каны аргасыз болуп, Элбек чеченди элчиликке жиберип, Курманбек менен жарашып, 60 нарга алтын, күмүш зер жүктөп, 60 ак боз ат айдап келип, алдына түшүп, жыл сайын алым төлөмөккө макул болуп элине узатат.
К. Акиевдин вариантында Курманбектин калмактардан келе жатып, кабарын угуп жолун тосуп жаткан Кашкардын ханы Аккан менен достошушу «Калмак-Кырчын» тарыхый уламышы менен тикеден-тике үндөшүп, анын эпостон эл кыялынын туундусу же эпикалык ой жүгүртүү, кыялдануу катарында гана орун албастан, тарыхый-турмуштук негизи бар реалдуу окуядан болуп саналат. Ал эми эки хандын достошушу эки адамдын бири-бирине ыклас койгон жылуу мамилесинин чегинде гана түзүлбөстөн, эки элдин, эки мамлекеттин ички, сырткы коопсуздугун сактоодон калк кызыкчылыгын коргоодон келип чыгат. Бул Аккандын:
Элимдин четин бөлдүрүп,
Калмак да келип чаап алат,
Кайта-кайта олжолоп,
Кастык менен мал алат.
Кытай да келет чабуулга
Туш-тушумдун баарысы
Кызыгышат жалгыз маа —
деген сөзүндө ачык чагылышкан. Кашкар хандыгы тогуз жолдун тоомунда жайланышып, туш-туш жактан көз артып, тынчы кеткен аймактан болот. Ошондуктан, Аккан:
Карчылдашаар жоо болсо,
Сен болорсуң жолдошум,
Кыядан тоссоң көчүмдү,
Кылчайып келгис иш кылып,
Кытайдан алсаң өчүмдү.
Кадуудан тоссоң көчүмдү,
Кайрылып келип жан досум,
Калмактан алсаң өчүмдү— деп, Курманбекке чоң ишеним артат.
Курманбектин Тейитбектен «кыргыз, кыпчактан тандап кыз алсын» дегенине болбой, жанына Зайырбекти, кырк жигитти алып, Үргөнчтүн суусун кечип өтүп, өз мезгилинде беттешип астына киши чыкпаган Оогандын каны Бакбурканды аттан түшүрө сайып, кербенчиден кабарын угуп, ашык болуп калган Канышайга үйлөнүшү ата, баланын ортосунда карама-каршылыктык курчушуна себеп болот.
Ал эми баласынын «Өзүм кыргыз, кыпчактын ханы болсом, Кашкардын ханы Аккан досум болсо, Оогандын канынын кызын алсам, калмактан жылда алым алып турсам, атамдын жанынан чыкпай жатканча, калмакка жакын Аккан менен канатташ коргон салдырайын» — деп өзүнчө коргон курдурушу Тейитбектин аталык мээримден таза ажырап, чыныгы душманга айланышына көмөкчү болот. Курманбектин калмакка жакын жерден (Мусулманкуловдо калмак ээлеп турган аймактан) өзүнө коргон курдурушу бардык варианттардан орун алгандыгына караганда, жогоруда белгилегендей, чыгарманын мазмундук өзөгүндө тарыхый-турмуштук негизи бар алгачкы окуядан болуу керек.
Эгерде башка варианттарда окуя Курманбектин атасынан ат суратып 40 жигитин жиберишинен гана башталса (унутулуп, же кыскартылып айтылышы да ыктымал), К. Акиевде ага чейин окуянын даярдалып барышы оң каармандын бул же тигил кыймыл-аракетинин адилеттүүлүгүнөн күнөм туудурбайт. Курманбек Кашкар жерин аралап, Кара шаар Камбылга жортуулга бара жатканда кырк жигитин:
Бул Кашкардын элинин
Койчусуна тийишип,
Кол салышып жүрбөйлү,
Малчысына тийишип,
Маңдайлашып жүрбөйлү,
Чеченине тийишип,
Таңдайлашып жүрбөйлү —
деп, ээнбаштык кылып тынч жаткан элди бүлдүрбөөгө чакырат. Калмактарга ууруларча капыстан басып кирбестен, аларды көрүп качып жөнөгөн кароолчусун токтотуп, өзүнүн ким экендигин, келген себебин ачык түшүндүрөт. Өзүнүн өткөндө «өлгөн элдин канын кууп», «тирүүлөрдүн түгөнбөс кайгы-зарын кууп» келгендигин, өчү «коломолуу кол жыйнап, кыргызды чаап олжо алган» Экез менен Дөлөндө экендигин айта келип, «арманы жок камынсын» деп, он эки күнгө мөөнөт берет. Согуш талаасында да салттуу баатырлык жөрөлгөнү сактап, калмак төбөлдөрүн жекеме-жекеде жеңип, аларды өзүнө баш ийдирет. Ал эми анын калмактан 60 нарга жүктөлгөн алтын-күмүш, зер, 60 ак боз ат алып, жыл сайын алым төлөп турууга милдеттендирип кайтышы чекилик эмес, өз мезгилиндеги жоокерчилик замандын жол-жобосуна, мыйзамына шайкеш келип турат. К. Акиевде да Курманбектин калмакка барар мөөнөтүнөн үч ай өтүп, Телтору атты ак олпокту суратып, атасына кырк жигитин жиберет. Бул вариантта Тейитбектин өз баласына нээти чындап карарып, душманчылыкка өтүшү өтө бир ишенимдүү жана таасын баяндалат. Бекеринен эл арасында каардуу, кара ниет аталарга «Тейитбектей», «Тейитбекче» деген ылакап сөз айтылып калбаса керек. Ал өз баласына башка адам да ыраа көрбөгөн жамандыкты каалайт. «Алтын ооз дарбазасы талкаланып», «өзү калмак колунан каза таап», душмандын үстөмдүк жүргүзүшүн ниет кылат. Бул Тейитбектин кырк жигитке айткан сөздөрү менен бекемделет:
Бардык калмак ханыңдын
Баса сайсын жүрөгүн,
Кара таандай калмактар
Катырсын таштай тилегин,
Көөдөнүн найза аралап,
Көкүрөгүн жаралап,
Көмөлөтсүн калмактар
Көк жалыңды камалап
Көөдөнүнөн кара кан,
Көп куюлсун салаалап,
Көп калмактар ханыңды
 Көк бөрү тартсын талалап!
Жүрөгүн найза аралап,
Жүлүнүн кошо жаралап,
Жүрөгүнөн кара кан,
Көбүктөсүн салаалап!26
Ал эми калмактардын Курманбектин коргонун курчап алышы, түнүндө оң каармандын түш көрүп, бир мүшкүлдүн башына түшөөрлүгү жөнүндө аян бериши, элдик баатырдын башына кыйынчылык түшүп, ордосу, курчоодо калганында бир туугандай бапестеп алып жүргөн кырк жигиттин оюна бузук түшүп, майданга кошо аттануудан баш тартышы, жоолашууда ишенимдүү Телторусу астында жок, жөлөк кылар жолдошу жанында жок, жараткандан жалгыз болуп калганына арман кылып, ичине кайгы-капа толуп, ошентсе да өзүнө-өзү кайрат берип, уй түгүндөй көп калмакка каршы бет алышы, согушта душманды алдына салып кууп, канчалык баатырлыкты көрсөтсө да, атынын жараксыздыгынан Дөлөндөн (же Корундан) найза жеп жарадар болуп, канга боелуп, как талаада кансырап жаткан жеринде Аккандын үстүнөн чыгышы, негизинен бардык варианттардан орун алган алгачкы окуядан экендигине карабастан, анын чечилиши ар башка.
Вариант демекчи, биздин колдо азыр эпостун толук төрт нускасы бар: Мусулманкуловдуку, Шамшы комузчунуку, К. Акиевдики жана анын шакирти — Сарыкунандыкы. 1958-жылы Тажик республикасынын Жерге-Тал районунда жашаган М. Каландаровдон Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан уюшулган фольклордук экспедициянын катышуучулары «Курманбек» эпосунун үзүндүсүн (360 саптан турат) жазып алышкан. Өз учурунда бул нуска менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, иликтөө ишине пайдаланылган. Негизинен бардык варианттардын мазмундук линиясы, сюжеттик нугу окуяда чагылган доору, окуясы, каарман-персонаждары окшош. Негизги окуя Курманбектин калмактар менен болгон согушунун натыйжасында анын тегерегине топтолуп, негизги баатырдык теманын жүзөгө ашышына көмөкчүлүк милдетти аткарат. Ал эми бардык варианттардын салмагы, көтөргөн жүгү бирдей эмес, көркөмдүгү да өйдө-төмөн. Ал айтуучунун жеке эрудициясына, өнөрканалык өзгөчөлүгүнө, талант өлчөмүнө карата чечиле турган маселе. Ар биринин өзүнүн орду, өзгөчөлүгү бар. Шамшы комузчунун варианты Мусулманкуловдукуна көбүрөөк жакын. Жогорку эки нускада жана Сарыкунанда Курманбек жаратынан айыгып (Шамшыда Ун шаарынан келген эки дарыгердин, Сарыкунанда Мерген, Дербен табыптардын, Молдобасанда капыстан пайда болгон эки кыз, эки жигиттин), Аккан досун ээрчитип кубаныч менен элине кайтат. К. Акиевде Курманбек жаратынан каза табат.
Мында бир белгилей кетүүчү кызыктуу маселе. 1965жылы Сарыкунан эпосту жаздырганда (Мен өзүм алгач стенограммага түшүргөн элем — Б. К.) Курманбектин жараты кабылдап, өлүп бара жаткандыгы Акканга айткан керээзин комуздун күүсүнө салып, өтө бир элестүү, муңдуу аткарып берген эле. Бирок андан кийинки окуясын аягына чыгарбай, кийин жазып жиберемин деп жыйынтыктаган болуучу. Айткан учурунда «Курманбекти Калыктан үйрөнгөндүгүн, анын өзүнүн устаты эсептээрин эскерген эле. Кийин бул вариантты басмага даярдоодо биз жазып келген алгачкы нуска Борбордун корунда жок болуп чыкты. Байкоого караганда Сарыкунан мурунку жаздырганын кайрадан алып, кийинки өзү жазганына кошуп, айрым өзгөртүү, алымча-кошумчалар менен чыгарманын толук вариантын түзгөн түрү бар27. Бирок бул нуска сакталган папкада эч эскертүү жок, жөн жай эле дептердин катар номери башка болуп калган. Албетте, мунун эч кандай деле эрөөн-төрөнү жок, кандай кылам десе да, айтуучунун өз эрки. Бирок эки жолку жаздырганы тең сакталганда Сарыкунандын чыгармачылык өнөрканасынын өзгөчөлүгүн, акындык мүмкүнчүлүктөрүн ачууда зор материал болмокчу. Анткени, «Жаныш, Байышты» эки жолу айтканы эки башка чыккандыгына күбө болгонбуз. Албетте, алгач кагазга түшүрүлгөн материал колдо болбогондуктан, азыр айтылган сөз далилсиз көрүнүшү ыктымал. Бирок биз 1965-жылы биринчи жолу кагазга түшүргөн вариант К. Акиевдикине көбүрөөк жакын болуучу. Мында Курманбек жаратынан сакая албай каза тапкан. Аккан аруу жууп ардактап, өз колу менен көмөт. Сарыкунандын кийин Борбордун коруна тапшырган варианты бир топ көлөмдүү, көркөмдүгү да көзгө толорлук. Айырмалуу окуялары да арбын, баяндоо ыкмасы да ар түрдүү. Окуялары жагынан Молдобасан менен Шамшынын вариантына үндөшүп кеткен жерлери да бар. Негизинен К. Акиев айткан вариантка көбүрөөк жакын. Мындан Сарыкунандын бир эле эпизодду (Курманбек жарат алгандан кийинки окуя) эки башка баяндалышынын себеби эмнеде деген суроо туулат. Бизге азыр Токтогулдун кандай мазмунда айткандыгы белгисиз. Калган колдогу үч варианттын окуясына караганда Курманбек душман колдуу болуп өлбөстөн, тирүү калат. Ал эми элдик баатырдын өлбөй калышы калктын ой-тилеги, мүдөөсү, башкача айтканда, элдин учкул кыялында өлбөс, өчпөс түбөлүктүү каарманды жаратышы менен шартталат. Чыгарманын жаралыш башатында ушул эле мазмунда айтылып жүргөн көрүнөт. Тилекке каршы калк Курманбекти тарыхый инсан катарында карап, айрым жерлерди, дөбөчө, кокту-колоңду жана эстелик жайын, ага байланыштырып айтып жүргөндүгүнө карабастан, анын өлүмү жөнүндө (балким өз ажалынан эле өлүшү да ыктымал) тарыхый маалымат орун албайт. Ошондуктан, Курманбектин өмүр жолу тууралуу эпоско чагылышкан бул окуяны эпикалык кыялдануу катарында гана кабыл алуу орундуу болор.
Албетте, калктын түшүнүгү, ой-сезими, көз карашы же эпоско чагылышкан салттуу мотивдердин өзгөрүшү, жаңыланышы мыйзамдуу көрүнүш. Бул К. Акиевдин вариантынан айрыкча ачык көрүнөт. Калыкты эпостордун ийине жеткире айткан таланттуу айтуучу гана эмес, жаратуучу катарында бааласак, өзүнүн баасын алган болот. Ал «Курманбекти» айрыкча чегине жеткире айтып, эпостун классикалык формасын түзгөн. Мында бүдөмүк ой калтырып, өз ордун таппай калган бир да эпизод, бир да окуя, бир да мотив, ашыра айтсак, өз ордунда болбой калган сөз да жок. Уйкаштыгы бир кылка жазгы кара жамгырдай төгүлүп, бири-бирине кыналышып, талант күчү, көркөм сөздүн кумарлуу сыйкыры тамшандырып, таң калтырып турат. Ой жагынан терең, композиңиялык структурасы тыкан, өтө майдалап, окуяны созо берген тажатма баяндоолор орун албайт. Ал эми калктын патриоттук духун, өз эркиндигин коргоодогу баатырдык күрөшүн, ички ыдыроодон, сырткы душмандын баскынчылык жортуулдарынан элдин көтөргөн оор жүгүн, азап-тозогун жалпылаштырып өз башына топтоп турган элдик баатырдын образын түзүүдө Калыктын чеберчилиги артыкча десек ашыра чапкандык эмес. Бул варианттын дагы бир өзгөчөлүгү өз доорундагы коомдук-социалдык мааниси бар проблеманы көтөрүп чыгышында турат. Натыйжада Курманбектин жашоо жолунун трагедия менен аякташы жөн жай кокустан кирген эпизод эмес, өз аймагына бир канча орчундуу маселелердин башын бириктирип турат. Сырт жагынан алганда элдик баатырдын душман колунан ажал табышына астында жарактуу атынын жоктугу себепчи болгондой сезилет. Ал эми кылдат көз жүгүртсөк, Курманбектин согуш майданындагы ажал тапкан трагедиялуу тагдыры жөн жай эпикалык окуя эмес, өз доорунун тарыхый шартында калктын ой сезимин ээлеп, үмүт-тилегин, учурдун проблемасын өз аймагына батырып турган реалдуу маселе. Анткени, Калыктын вариантында ич ара бытырап, ата-баланы, кошуну өз баатырын колдобой, ыдыраган калкты ынтымакташып биригүүгө, элдик каармандын тегерегине топтолуп, калк эгемендүүлүгүн, өз алдынчалыгын коргоого чакыруу идеясы ачык көтөрүлөт. Курманбек канчалык баатыр болсо да, ич ара ынтымактын жоктугунан уй түгүндөй көп калмак каптап киргенде катуу жарат алып, согуш талаасында жалгыз калып, каза табат. Бул бир гана Курманбектин трагедиясы эмес, калктын жалпы трагедиясы. Ушул маселени бөтөнчө курч койгондугу менен Калыктын варианты башкалардан айырмаланып турат. Элдик баатырдын каза табышы башка нускалардан орун албагандыгына караганда К. Акиевдин айтуучулук жаңычылдыгынын, жаратуучулугунун жемиши болушу да ыктымал. Анткени, эл азаттыгы үчүн башын өлүмгө сайган баатырдын өмүр жолунун кайгылуу аякташы чыгарманы бир топ жогорку тепкичке көтөргөн. Биринчиден, калмак төбөлдөрүнүн жортуулдары кыргыздарга оор жоготуу, кайгы-зар, чабылып-чачылуу алып келгендигинин реалдуу картинасы түзүлгөн, жомоктук ыкма артка сүрүлгөн, экинчиден, Курманбектин өлүп бара жатып Акканга айткан керээзи, артында жетим калар алты жашар баласынын, алган жары Канышайдын, башчысыз калган калкынын тагдырын, келечегин ойлоп тынчсызданышы, бир уядан жалгыздыгына арман кылган муңдуу монологу, кайгыга толгон ой толгоолору, дегеле элдик баатырдын жарадар болушу, шейит өлүм табышы айтуучу тарабынан өтө бир көркөм, элестүү, чоң чеберчилик талант менен тартылып, угуучулардын сезимине жеткире баяндалган эпизоддон болуп, чын көңүлүңдөн өз баласына кыянаттык кылган таш боор атага жана элдик баатырдын башына кыйынчылык түшүп, жоо босогодо турганда өз баштарын калкалап, Тейитбектин этегине тыгылган кырк жигиттин чыккынчылыгына наалат айтасың да, биригүү, ынтымакташуу зарыл экендигин туйгандай болосуң.
Кыскасы, калктын жүгүн көтөрүп жүргөн оң каармандын кайгылуу жагдайда ажал табышынан эпостон орун алышы бытыраган элди ынтымакка, бир түндүк көтөрүп баш кошууга чакырган доордун үнү, азыр да өзүнүн актуалдуулугун жоготпогон ошол мезгилдин талабы. Калыктын варианты өз заманынын коомдук-соңиалдык проблемасын көркөм сөздүн күчү менен калкка жеткириши менен баалуу да, күчтүү да.
Курманбектин коргонун калмактар курчап алганда элдик баатырдын салтын сактап, аты жараксыз болсо да бел байлап, жоого каршы аттанат. Бул — бардык варианттардан орун алган салттуу окуя. Бирок баяндалыш деңгээли барында бирдей эмес. Алсак, Шамшыда кыскача схемасы гана тартылат. Курманбек атасы Телторуну бербей койгонун угуп, Козурунду менен Кара атты которуштуруп минмекке көңүл токтотуп турган мезгилде жоонун калааны айландыра курчап, замбиректерин орнотуп, жапырт каптап кирүүгө камынып калганын көрүп, «Ажалым жеткен экен, абийирим кеткен экен» деп, жети жашар баласын алдына отургузуп, зээни кейип турганда аялы «Аттан, атышып, чабышып, армансыз болуп өлсөң болбойбу» деп атын жетелеп келип, алдына тартат. Курманбек жоого ылаачындай тийип, орто жерин оюп иет. Калмактын ханы Корундун аярлыгы бар, атка сынчы жана сыйкырдуу жан экен, каршысынын атынын чарчап калганын көрүп, жөө туман каптатып, Кара атты которуп мингизмек болуп келе жаткан кырк жигитти адаштырып салат да, аркасынан келип сайып кетет.
М. Мусулманкуловдо калмактар көтөрүлүп коргонду курчап алганда коргон ичиндегилер дүрбөлөңдөп калат. Курманбектин айласы кетип мөгдүрөп турганда Канышай:
Кара кулак шер элең,
Калың кыргыз калкыңа
Кара коргон чеп элең,
Калмактан кайдан кем элең?
Телтору атым алдымда жок деп кабатыр болуп, баатырдык беделиңди төмөн түшүрбөй, байыркыңча бел байлап, калың калмакка каршы чыгып урушкун деп кайрат берет. Жогорку эки вариантта тең кырк жигит Курманбекти таштап кетпейт. Бирок жигердүү колдогону деле байкалбайт. Экөөндө тең «Курманбек өлдү» деп калмактардын шаарын курчап көпкө жаткандыгы, Аккандын досуна тургузган күмбөзүн көрүп чындап түңүлүп, өкүрүп келип коргонго түшкөндүгү баяндалат.
Сарыкунандын айтуусунда Курманбектин коргонун калмактар курчап алгандагы окуянын өтүшү К. Акиевдикине көбүрөөк жакын. Бул анын эпосту Калыктан үйрөнгөндүгү, андан таасир, таалим алгандыгы менен түшүндүрүлөт. Калмактар ак ордону курчап алганын көргөн Курманбек ак сарайда азем менен баш көтөрбөй уктап жаткан кырк жигиттин үстүнө кирип, ал жайды айтып, өзү менен бирге аттанууну суранганда алар жооп бербей, терс бурулушат. Ак Мөндүр аттуу жигиттин:
Жалдыратып жалгызды,
Атказбайлы кырк жигит,
Өрттөбөйлү жалгызды,
Өксүтпөйлү байкушту.
Өлсө бирге өлөлүк,
Каа жамандык, жакшылык,
Көрсө бирге көрөлүк —
бул жалгыз бир кишинин башына түшкөн алаамат эмес, журтчулукка жалпы келген алаамат»,
Кыйноого кыпчак эл калды,
Кылышпасак далалат,
Кас душман кимди аясын,
Калаанын эли таланат,
Курманбекти сүрөөнгө алып бирге жөнөйлү деген жөндүү сөзүн жактырбай, «барсаң өзүң бар», «балаа кепти салбагын»29 деп кагып салышат. Бирок окуялык окшоштугуна карабастан, баяндоо ыкмасында Сарыкунандын айтуучулук дараметинин да жогору экендиги, өнөрканасынын өзгөчөлүгү, акындык көрөңгөсү, чыгармачылыгынын индивидуалдуу башаты ачык эле байкалып турат. Аны өз устатынын гана чыгармачылык чегинде калган деп айтуу калыстык болбос.
Курманбек катуу жарат алып, ай талаада жалгыз калып, өлөр алга келгенде Акканга жолугушу бардык нускалардан орун алып, достуктун чыныгы үлгүсү катарында даңазаланган эпостун мазмундук өзөгүндө алгачкы окуядан болуп, ой жагынан терең, көркөмдүк жагынан калыптанган эпизодду түзөт. Курманбек менен Аккандын ортосундагы диалог формасында берилген сүйлөшүүлөр стилдик жагынан да бири-бирине жакын, туруктуу поэтикалык клишелерди сактап калган. Мисалы, М. Каландаровдун варианты Кыргызстандын территориясынын обочолонгон Тажикстандын аймагынан катталгандыгына карабастан, Аккан менен Курманбектин диалогун түзгөн ыр түрмөктөрү бири-бирине текстуалдык окшоштук менен айтылат. Фольклордон мындай фактылардын орун алышы да бекеринен эмес, адабий негизи бар. Анткени, ар бир чыгарманын түзүлүшүнүн белгилүү даражада башаты болот. Өсүү жолунда алымча-кошумчага учурайт, жаңы окуя, каарман-персонаж, мотивдер менен толукталат. Алгачкы башатындагы көз караштардын, түшүнүктөрдүн өзгөрүү проңесси да жүрөт. Кыскасы, айтуучу ар бир чыгармага өз үлүшүн кошот. Бул оозеки чыгармачылыктын жанрдык табиятында мыйзамдуу көрүнүш. Бирок эпостун алгачкы окуялары, мотиви, айрым ыр саптары белгилүү даражада өзүнүн салттуулугун, же туруктуулугун сактап калат. Мындай ыр түрмөктөрү К. Акиев М. Каландаровдун нускаларынын ортосунан да орун алат.
Балким М. Каландаров китептен үйрөнүп алышы да ыктымал. Анткени, айрым лексикалык, диалектилик өзгөчөлүгүн эске албаганда, Калыктын вариантынан анчалык бөлүнүп чыга алган эмес. Бирок айткан адамдын чыгармачылык чөйрөсү, мүмкүнчүлүгү тууралуу толук маалыматыбыз жок болгондуктан, анын үстүнө чыгарманын үзүндүсү гана колго тийгендиктен, кескин түрдө жыйынтык чыгаруу да кыйын.
Эпостон баатырдык тема менен катар үй-бүлөлүк тема да орун алып, чыгармада көтөрүлгөн идеяны жүзөгө ашырууда бири-бирине эриш-аркак, Курманбектин үйлөнүп (Молдобасанда перинин кызына, Шамшыда Ун деген шаардан качып келген аялга, Калыкта Оогандын каны Бакбуркандын кызына), эркек балалуу болушу бардык варианттарга таандык жалпы окуя. Жалпысынан алганда Канышай баатырга тете жар. Молдобасан, Шамшыда да Курманбек жаман түш көрүп, кооптонуп турганда жакшылыкка жоруп, алдын ала көөдөнүнө дүрбөлөң түшүрбөй, көңүлүн көтөрөт. Уй түгүндөй көп калмак ордосун курчап алып, алган жарынын өлүмгө тике бараткандыгын туюп турса да, атын жетелеп келип аттандырып, эрдикке шыктандырат.
Сарыкунанда Курманбектин түнүндө көргөн түшү, аны Канышайдын жоруп турган жери, оң каармандын өзүн узатканы келген эли-журту, үй-бүлөсү менен коштошушу, аялынын таш боор атага, тынччылыкта «карадан жорго минип, кас торко тон кийип», жакшылыгын көрүп, душман курчоого алып, «кыямат башка келгенде» терс бурулган кырк жигитке айткан наалат каргышы бир топ элестүү, угуучулардын ички дүйнөсүнө бүлүк түшүрө турган маанайда баяндалган. Ал эми жети жашар уулунун атасынын башына кыйынчылык түшкөндүгүн, абалдын оордугун, өлүмгө башын сайып бара жаткандыгын толук баамдап: «Мени кошо ала кет, канжыгаңа чала кет, кылычташкан кыргында жаныңа өбөк болоюн, азабым болсо көрөйүн, ажалым жетсе өлөйүн» — деп зар какшап суранып турушу, каргадай баланын:
Жаман айтпай, жакшы жок,
Жарадар болсоң тийип ок,
Аталап башың жөлөрмүн,
Азап да болор, шор болор,
Аргасыздан көнөрмүн,
Аттансаң шейит сапарга
Ак кепиндеп көмөрмүн,
Атыңа кара тул салып,
Атакелеп үн салып,
Уруулуу кыпчак элиңе
Угузушка жөнөрмүн30 —
деп, өтө бир оор ишти аткарууга моюн сунушу Ата-Журт милдети, Ата карызы чоңбу, кичинеби, ар бир адамга жүктөлгөн ыйык парз экендигин көтөргөн азыркы мезгилдин үнү менен айкалышып турган орчундуу идеядан.
Дегеле Курманбектин калмактар менен урушууга экинчи жолу аттанышында элдик баатырдын Ата-журттун мүдөөсүн, азаттык-эгемендүүлүгүн өз кызыкчылыгынан жогору койгон чыныгы патриоттук жүзү К. Акиевде, Сарыкунанда бир топ чеберчилик менен таасын ачылат. Калмактар жер кайкыган кол менен келип, калааны курчап алганда, «Ат, аттан кийин жат» дегендей, астында Телтору аты, жанында жөлөк болор кырк жигити жок, катынбаласы «этектеп, Курманбектин башына кыйын мүшкүл түшөт. Бирок ушундай катаал кырдаалда да артка чегинип майышып калбастан, Кой күрөңдү минип:
Ачып койгун Канышай,
Үч кабат темир дарбаза,
Кесири болор үйүмдүн Баскан жоого барбаса31 —
деп кайрат менен сансыз жоого жалгыз бет алат. Сарыкунан ушул учурду баяндоодо өз устатынын гана нугунда калбай, чыгармачылык арымын кенен салгандыгы ачык байкалат. Бул вариант боюнча кырк жигит бирге баруудан баш тарткандыгы менен калаанын калкы чогулуп, курал алып кошо урушууга каруусу келбесе да, жоодон аман-эсен жеңиш менен кайтышын тилеп, боздоп ыйлап, жапырт батасын берип, ак жол каалап узатышат. Ошондой эле Курманбектин:
Кантип жатам тынч алып,
Кандыгым турса курчалып.
Калкым турса камалып,
Казынам кетсе таланып,
Эмне келдим дүйнөгө
Энеден эркек жаралып,
Туубай туна чөгөйүн,
Душмандын канын төгөйүн,
Аттанайын, жөнөйүн,
Ажалым жетсе өлөйүн32 —
деген сөзү жоокерчилик замандын туусун, ой-санаасын, үмүт-тилегин көтөрүп жүргөн элдик баатырдын гимни катарында сезимди курчутат.
Канышайдын образы жоокерчилик доордо түзүлгөн аял — каармандардан өзүнүн реалдуулугу, коомдун кийинки баскычтарындагы түшүнүк, көз караштарды чагылыштыра түзүлүшү менен айырмаланат. Анын керт башында баатырдык сапат жок. Бирок аялдын жеке кызыкчылыгы, кайгы-капасы Курманбектин баатырдык күрөшү менен терең айкалышат. Жарынын демине дем, күчүнө күч кошуп, бардык жан дили, чын ниети менен колдоого алат. Канышайдын акылмандуулугу, кайраттуу, токтоолугу калмактардын басып киришинде ачык көрүнөт. Каргадай баласы менен оор күндө каларын, жарынан ажырарын алдын ала туюп турса да, жеке керт башынын камын жеп, жолун тоспой:
Кылкылдаган калмактан
Кыраан элең шашпагын—
деп, Курманбекти күрөшкө шыктандырып, жеңишке үндөйт. Эпосто Канышай ажарлуу, сезгич, акылдуу, өз жарына берилген туруктуу жар, мээримдүү эне катарында сүрөттөлөт. Молдобасан, Шамшы, Сарыкунандын айтуусунда Аккан досунун аялын сынамак болуп, жаратынан айыгып келе жаткан Курманбектен мурун ордого жете келип, «Курманбек өлдү» — деп угуза коем деп, өлтүрүп ала жаздайт.
К. Акиевде жарынын өлгөнүн укканда Канышай өзүнө канжар уруп, жарык дүйнө менен кош айтышат. Ал эми окуянын кайгылуу аякташы Калыктын вариантына гана таандык. Дегеле эпостогу салттуулукту түбөлүк бузулбай турган эреже катарында кароого болбойт. Эл оозеки чыгармачылыгынын мазмуну да, формасы да өзгөргүч келет. Натыйжада эпикалык чыгарманын өсүү жолунда салттуу окуя, мотивдер гана эмес, поэтикалык ыкма, каражаттары да өзгөрбөй бир ордунда токтоп калбайт. Алардын жаңыланышы, өсуп-өнүгүшү мыйзамдуу көрүнүш. Мунун мисалы катары жогорку эле окуяны алсак болот. Кыргыз эли жоокерчилик доорду башынан өткөрүп турган мезгилде баатырдын артынан жарынын жанын кыйып кошо өлүшү кубатталган эмес. Турмушта деле, дин окуусунда деле өзүн-өзү өлтүрүү терс көрүнүш катарында бааланып келген. Муну кыргыз фольклорунан учураган фактылар менен бекемдөөгө болот. «Манас», «Семетей», «Кожожаш» эпосторунда өлгөндөн калган туякты сактап калып, туусуна кондуруу, баланы атасынын жолуна салуу, ошого карата тарбиялоо баатырдын жарынын мойнуна жүктөлөт. Каныкей да, Айчүрөк, Зулайка да баатырдан калган туякты канаттууга кактырбай, тумшуктууга чектирбей, алпечтеп чоңойтуп, баралына келгенде эли-жерин таанытат, атанын аягына жеткире албай кеткен баатырдык күрөшүн аягына жеткирүүгө, душмандан өч алууга, из салып кеткен жолун улантууга шарт түзүшөт. Ал эми чыгыш, коңшу элдердин адабий, оозеки чыгармачылык традиңиясынын оозеки түрүндө жана китеп аркылуу кыргыз элине акырындык менен тарай башташы Калыктын чыгармачылык өнөрканасына да өз таасирин тийгизген өңдүү. Натыйжада акындын кыргыз эпикалык чыгармаларында туруктуу көрүнүш катарында кабыл алынган салттуу мотив, окуяларга карата көз карашы, ой тутуму, мамилеси өзгөргөн. К. Акиев айткан нускада Курманбектен туяктын жаш калгандыгына карабастан, Канышайдын өзүн-өзү өлтүрүшүндө жалпы салттуулук өзгөрүп, эпоско жаңы ой, окуя кирген. Жалпысынан алганда да бул нускада жаңычылдык тенденциясы, индивидуалдуулук (жекечилик) күчтүү. Канышай өлөт, бирок оң каармандын өлүшү-ындыны өчүү, көңүл чөгөт болуу, келечектен үмүт үзүү катарында бааланбайт. Тескерисинче, жарына берилгендиктин, сезимдин тазалыгын, аруулугун даңазалап турат.
Албетте, эреже катарында кылымдар бою калыптанган салттуулукту бузуу акынга оңойго турбаган өңдүү. Муну ырдын текстинде бири-бирине карама-каршы ойлордун орун алгандыгы менен аныктоого болот. Анткени, элдик баатыр калмактарга каршы аттанарда өзүн ээрчиген баласын жоктотуп:
Атаң кетсе, апаң бар,
Неминеден капаң бар?
Ойноо бала балапан,
Ойлобогун кайгы зар.
Жолотпойт сени чалыма,
Каралды кылат жанына,
Жетилгенде жалгызым,
Аттанарсың камына—
деп, Канышайдын мойнуна өтө жооптуу милдетти тагат. Кокустан мерт болсо, айнектей бетине так салып өзүн кыйноого салбоону суранат. Ал гана эмес, өлүм алдында:
Катын да болсо Канышай,
Ээлеп турсун калаамды,
Эл-журтума мен жактан,
Айтып өт досум саламды — деп, бүткүл калктын камын көрүп, калааны башкарып туруусун керээз кылып калтырат. Ал эми өлүүнүн сөзүн аткаруу тирүү үчүн парз эмеспи.
Тексттин ушул эле жериндеги:
«Курманбек өлдү» дегенде,
Канышай өлөр мен үчүн —
деген Курманбектин сөзү анын мурунку оюна карама-каршы келип турат. Ырдын текстине жогоркудай бири-бирине кайчы, ойлордун орун алышы, жогоруда белгилегендей, кыргыз оозеки чыгармачылыгында калыптанып калган туруктуу салттуулукту бузуу кыйынчылыгынан келип чыккан кемчиликтен. Бирок кантсе да кыргыз поэзиясына чыгыш адабиятынын салттарынын кире башташы кыргыз поэзиясы үчүн жаңычылдык көрүнүш экендигин жокко чыгарууга болбойт.
Курманбек менен Аккандын досчулугу эки жээкти бириктирип турган көпүрө сымал эки калктын жакындашУУсуна өбөлгө түзүп, данакерлик милдетти аткарып турат. Мусулманкул, Сарыкунан, Шамшынын варианттары боюнча ал жөнүндө чыгарманын башында эскерилбейт. Жарадар болуп ай талаада жаткан Курманбектин үстүнөн Аккандын чыгышында гана белгилүү болот. Бирок эки достун сүйлөшүүлөрүндө алардын мурунку байланыштары тууралуу маалымат орун алат. К. Акиевде достук темасы башатынан баштап, окуянын аягына чейин уланат. Дегеле кайсы нускада болсо да Аккандын кара кочкул канга боелуп, таанылгыс болуп жаткан Курманбекке жасаган мамилеси, далбастап жүгүрүп, дарыгерге бүткүл дүр-дүйнөсүн, астындагы тулпарын, зэлик кылган шаарын, такты, таажысын да тартуулап, досун айыктырып алыш үчүн жан-алакетке түшүшү, ички ой толгоолор, кайгы-капа менен айтылган сөздөрү, Курманбек ажал тапса, өзүнө канжар уруп, досунун артынан кетүүгө даяр турушу чыныгы досчулуктун үлгүсүн түзүп, угуучулардын ички сезимин козгоп, күчтүү тартылган эпизоддон. Бардык вариантта тең кыянатчыл таш боор ата Аккан колдуу болуп каза табат.
К. Акиевде элдик баатырдын жаратынан сакая албай өлүшүнөн улам окуянын аякташы да айырмалуу. Дегеле эл кыялында оң каармандын Ата-Журт азаттыгы, көз каранды эместиги үчүн жүргүзгөн адилеттүү күрөшү түбөлүктүү өлбөс-өчпөс. Бул эл оозеки чыгармачылыгында кеңири тармак жайган салттуу мотивден болуп, «Курманбек» эпосунан да орун алат. Калык Акиевде Курманбек калмактар менен салгылашууда шейит өлүм болсо да, элдик баатырдын күрөшүн улантып, Ата мурасын, ордун баса турган туяк калат. Мында баланы чоңойтуп тууруна кондуруу, баатырдык ишке жолдомо берүү Курманбектин досу Аккандын мойнуна жүктөлөт. Аккан «жетилтип туруп, калмактан досумдун кунун кууймун» деп, Сейитбекти өзү менен кошо алып кетишинде окуя аяктайт.
Тейитбек эпосто терс каарманга мүнөздүү бардык жаман сапаттарды өз аймагына камтып, ички душмандын жүгүн толук көтөрүп турат. Өз баласына таш боор, кара ниет, өз элине күйүмү жок өзүмчүл адам катарында мүнөздөлөт. Бардык нускалардан орун алып, бирдей эле мүнөздөмөгө ээ болгондугуна караганда эпостун мазмундук өзөгүндө алгачкы каармандардан болуп, толук түзүлгөн деп эсептөөгө негиз бар. Ал эми калмак төбөлдөрүнүн жалпылаштырылган прототибин берген Корун, Экез, Дөлөндөр бардык турпаты, кыймыл аракети, кылган иштери менен сырткы душмандын жүгүн аркалап турат. Калмак хандарын толук эпикалык каарман катарында гана баалоого да болбос. Белгилүү деңгээлде эпоско тарыхый реалдуу калмак төбөлдөрүнүн өмүр баянындагы айрым окуялардын чагылышы да ыктымал. Бирок Курманбек тарыхтагы кайсы калмак ханы менен урушкандыгын айтуу кыйын. Негизинен калмак хандарынын образы кыргыз фольклорунда «калмак доору» аталып, эл эсинде чоң из калтырган баскынчылардын кулк-мүнөзүнө, кылык-жоругуна ылайык эпикалык чыгарманын алкагында эле түзүлгөн.
Эпос Калыктын айтуусунда 1938-жылы Жусуп Турусбековдун жооптуу редакторлугу менен алгач жарык көрөт. 1957-жылы Сейитказы Байкожоев тарабынан баш сөз жазылып, экинчи жолу жарыяланат. Эпостун кол жазмасы сакталбагандыктан, түзүүчү текстти басмага даярдоодо 1938-жылы чыккан китепке таянган экен. Бирок ошол мезгилдеги саясатка байланыштуу төмөнкү:
Кытай, калмак биригип,
Жер жайнаган эл болсун,
Кызыл көбүк кан агып,
Суу ордуна сел болсун.
Канткенде досум унутам,
Дин мусулман арбакты —
сыяктуу ыр түрмөктөрү «кытай» деген сөздүн киргендиги, диндик түшүнүктүн чагылышкандыгы үчүн 1957-жылкы басылышында кыскартылган. Бирок жалпысынан 1938-жылкы жарыяланышына караганда орфографиялык, пунктуациялык жагынан бир топ такталган. Айрым текстологиялык тактоолор да орундуу. 1970-жылы эпос Сапарбек Закировдун баш сөзү менен үчүнчү жолу жарык көрөт.
Азыр басмага даярдоодо да 1938-жылкы басылышына кол жазма катарында таандык. Кыскарган ыр саптары кайрадан калыбына келтирилди. Жыйнакка кирген Сагынбек (Сарыкунан) Дыйканбаевдин, Шамшы комузчунун варианты Батма Кебекова, Орунбай Ахмедовдон Молдобасан Мусулманкулов, Калык Акиевдер айткан нускалары Мурат Мукасов тарабынан басмага даярдалган. Музыкалык ыр түрмөктөрүнүн бир үзүндүсү акын Тууганбай Абдиевдин аткаруусунда искусствовед Камчыбек Дүйшалиев тарабынан нотага түшүрүлгөн.
Жыйынтыктаганда «Курманбек» — XVI—XVII кылымдардын аралыгында жашап, анын калмак төбөлдөрү менен болгон согушу эл эсинде, тарыхый маалыматтарда өз изин калтырган Курманбек аттуу тарыхый инсандын тегерегинде айтылган аңыз-аңгемеден, тарыхый уламыштан ири эпикалык чыгарманын деңгээлине көтөрүлгөн баатырдык-тарыхый эпостун классикалык үлгүсү. Чыгармадагы элдик баатыр Курманбектин Ата-Журт, Ата-Мекен эгемендүүлүгү, азаттыгы үчүн аң-сезимдүүлүк менен өлүмгө жалтанбай барган эрдиги бизге да, бизден кийинки муундарга да үлгү.
 
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТ:
“КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ТАРЫХЫ”. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек 2002.
Категория: Рекламные статьи | Добавил: ASkat (18.01.2016)
Просмотров: 1888 | Теги: Курманбек | Рейтинг: 3.3/3

 

ПОНРАВИЛАСЬ?, ПОДЕЛИСЬ С ДРУЗЬЯМИ:
ПОХОЖИЕ МАТЕРИАЛЫ:

 

Всего комментариев: 0
avatar
Сайт города Каракол