Главная » 2017 » Май » 25 » Каракол шаарынын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» майрамы өткөрүлдү
13:47
Каракол шаарынын мектептеринде «Акыркы коңгуроо» майрамы өткөрүлдү
Бүгүн, 25-майда Каракол шаарынын орто мектептеринде бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” майрамы болуп өттү. Шаардын орто мектептериндеги өткөрүлгөн иш чараларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери, Каракол шаарынын мэриясынын кызматкерлери, областтык билим берүү институтунун кызматкерлери катышып, өз каалоолорун айтышты.
Ошондой эле, Каракол шаарынын №4 гимназия мектебинде бүтүрүүчүлөрдү “Акыркы коңгуроо” узатуу аземине Каракол шаарынын мэри — Арпачиев Данияр Карагулович, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин депутаты Акимканов Туратбек Жакшылыкович катышышып, мектептин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдер эмгек жамаатына, ата-энелерге өзүлөрүнүн куттуктоолорун айтышты.
Андан сырткары, бүгүн 25-майда Каракол шаарынын мэриясынын, билим берүү бөлүмүнүн, шаардык ички иштер башкармылыгынын кызматкерлери менен биргеликте мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун сактоо максатында түнкү рейддер жүргүзүлүп, коомдук, маданий жайларда жана шаар ичинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тартибин сактоо иш чаралары өткөрүлөт.
 
 

 
Категория: Городские новости | Просмотров: 1891 | Добавил: ASkat | Теги: Каракол | Рейтинг: 5.0/1

 

ПОНРАВИЛАСЬ?, ПОДЕЛИСЬ С ДРУЗЬЯМИ:
ПОХОЖИЕ МАТЕРИАЛЫ:

 

Всего комментариев: 0
avatar
Сайт города Каракол