Главная » 2018 » Февраль » 15 » К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Энелер мектебинин ачылыш аземи болуп ɵттү.
19:15
К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Энелер мектебинин ачылыш аземи болуп ɵттү.

Бүгүн 2018-жылдын 15-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУда Энелер мектебинин ачылыш аземи болуп ɵттү. Аталган мектеп “Нама” фонду жана “Ала-Тоо ɵнүктүрүү борбору” менен биргеликте «Мектептеги кенже жана мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу жана тарбиялоо максатындагы энелер мектебинин ишмердүүлүгүн иштеп чыгуу механизмдери» долбоорунун колдоосунда ачылды. 

 

Долбоор пилоттук бала бакча, мектепте энелер мектебин негиздеп, ɵнүктүрүү аркылуу балдарды окутуп, тарбиялоодо жооптуу кызматташтыкты түзүү максатын кɵздɵйт. Аталган долбоор тɵмɵндɵгү жыйынтыктарга жетишти:
• ЫМУнун башталгыч билим берүү кафедрасынын окутучулары тарабынан Каракол шаарындагы бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери жана ата энелер үчүн тренингдер ɵткɵрүлдү
• Мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы балдарды окутуп, тарбиялоо максатында энелер мектебинин иштɵɵ механизмдерин иштеп чыгарылды.
• Каракол шаарындагы №12, №9 балдар бакчасы жана №15 орто мектепте, ЫМУда «Энелер мектеби» бурчу ачылып оюнчук, компьютер, балдар адабияттары менен камсыз болушту жана жаңы жылдык белек катары китептер тапшырылды.

Келечекте ачылган Энелер мектеби ɵз ишин үзүрлүү улантып, кɵптɵгɵн жетишкендиктерге ээ болот деп ишенебиз.

 

Категория: Лента новостей | Просмотров: 1100 | Добавил: ASkat | Теги: Каракол | Рейтинг: 5.0/1

 

ПОНРАВИЛАСЬ?, ПОДЕЛИСЬ С ДРУЗЬЯМИ:
МАТЕРИАЛЫ ДЛЯ ОЗНОКОМЛЕНИЯ:

 

Всего комментариев: 0
avatar
Сайт города Каракол